12:18, 17 сентября 2018, 24.kg

Президент: Инвесторлордун менчик укугун сактоо -башкы көйгөй

«Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да маанилүү маселе — бул жарандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири — соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы», -деди президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолугушуусунда.

Анын айтымында, дагы бир көйгөй — инвесторлордун менчик укугу сакталышын жана кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча реалдуу кепилдиктер камсыз кылынбай жатканы.

«Ишкерлерди мыйзамдардын туруксуздугу, салыктардын жана социалдык төлөмдөр, салыкты администрациялоо, ЕАЭБ рынокторундагы атаандаштыктын адилеттүүлүгү жөнүндөгү маселелер да тынчсыздандырат. Кандай кылганда өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүшүнө кедерги болуп жаткан факторлорду жоюп, биргелешип экономикабызды көтөрөбүз? Мына ушулар жөнүндө сиздер менен ачык сүйлөшүп, жаңы идеяларды, сунуштарды угуп, ишке ашыргыбыз келет. Бизнес-чөйрөсүн туруктуу жакшыртуу үчүн мамлекет, бардык бийлик бутактары чукул арада кандай чараларды көрүшү керек экенин талкуулап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Сиздердин пикириңиздер, айтылган идеялар жана сунуштар сөзсүз эске алынат жана алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат», — деди мамлекет башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18