09:31, 17 сентября 2018, 24.kg

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка таянсак, ушул жылдын август айында Ысык-Көл облусунун аймагынан милиция буга чейин каракчылык, уурулук, бейбаштык, баңгизаты үчүн соттолгон Б.Ы.аттуу 25 жаштагы жаранды кармашкан. Ал Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулук кылган деп шектелүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын май айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында эки белгисиз адам тоноо максатында дин өкүлүнүн короосуна кирип, «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү унаанын терезесин сындырышкан. Анын ичинен 6000 сомду жана анын жанындагы документтерди уурдап кетишкен.

Үй ээлери ууруларды кармаганга аракет кылышканда кылмышкерлердин бири травматикалык мылтыктан 4 жолу ок чыгарып, качып кетишкен. Анын кесепетинен Абдышүкүр Нарматовдун 21 жаштагы уулу жабыркап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18