13:00, 16 сентября 2018, 24.kg

Финляндиядан эт жеп көрбөгөн Энн Хейнола Кыргызстандан жеди

Photo 86986

Энн Хейноланын түпкү теги Финляндия, бирок акыркы 2 жылдан бери Нидерландияда жашайт. Учурда социалдык көйгөйлөр башкармалыгы чөйрөсүндө бакалавр даражасында билим алууда. Июлдун акырында Энн Кыргызстанга ыктыярчы болуп келген. Буга чейин эт жебес каарманыбыз Кыргыздын улуттук ашканасынан даам татып көрүүнү чечкен.
Photo 86984

— Энн, Кыргызстанга кантип келип калдыңыз?

— Мен бул өлкөгө жакында эле ыктыярчы болуп келдим. Буга чейин Орто Азияда болбогондуктан, Кыргызстан мен үчүн абдан кызык болду.

— Сиз Кыргызстанга келгенге чейин өлкө туурасында маалыматыңыз бар беле?

— Ооба, бар болчу. Кыргызстандын жаратылышы мени өзүнө тартып турат.

-Сизди эмнелер таң калтырды?

—Кыргызстандагы элдин ачык мүнөзү жана достукту бийик туткандыгы абдан таң калтырды.

Photo 86982

— Бишкекте эмнелерди өзгөртүүнү каалайт элеңиз?

— Мен жакында эле келдим, ошондуктан азырынча баары жакшы. Бирок, үйдүн сыртында спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртууну каалайм.

-Бишкекте сиздин жакшы көргөн жайыңыз барбы?

— Бул абдан оор суроо. Балким, Эркиндик бульвары десем болот. Айрыкча балмуздактары менен.

— Улуттук ашканадан кайсы тамактарды жактырасыз?

— Баары абдан даамдуу. Бирок, мага курут менен кымыз жакпады.

Photo 86985

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18