11:56, 14 сентября 2018, 24.kg

Кыргызстанда 500гө жакын киши кайрылман статусун алышты

Кыргызстанда 500гө жакын киши кайрылман статусун алышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иш алып баруу боюнча бөлүм башчысы Жыпар Мамбетова билдирди.

Маалыматка таянсак, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү Тажикстандыктар. Ал жактан 329 этникалык кыргыз келген. Өзбекстандан 130, Кытайдан 18 киши кайрылышкан. Алар Чүй, Ош облустарына жана Бишкекке отурукташты.

Жыпар Мамбетованын айтымында, жайында кичи мекенине кетишкен памирлик кыргыздар тажик визасын алуу үчүн Бадахшан провинциясына чыгып кетишти.

«Памирлик кыргыздар өкмөткө таарынып кетип калышты деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18