10:15, 14 сентября 2018, 24.kg

Кемин районунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 жашар наристе каза болду

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 жашар наристе каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 34 жаштагы айдоочу Тойота Гайя үлгүсүндөгү унаасын башкара албай, жол четинде турган тосмону сүзүп алган. Натыйжада унаа ичинде бараткан 7 адамдын баары жаракат алып райондук ооруканага жиберилген.

Кырсыктын кесепетинен 3 жаштагы бала оор жаракат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болуп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18