17:55, 13 сентября 2018, 24.kg

Кышында жол тайгак болбошу үчүн кум жана тузду колдонуудан баш тартуу сунушталды

Кышында жол тайгак болбошу үчүн кум жана тузду колдонуудан баш тартууну вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев сунуш кылды.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө эчак эле мындай тажрыйбадан баш тартышкан. Алар атайын реагенттерди пайдаланышат.

«Эгерде биз туз менен кумду пайдаланууну улантсак, анда оңдоодон өткөн жолдор тез арада начар абалга келип калат», —деди ал.

«Баасын жана сапатын караш керек. Жок дегенде ондолгон жолдорго реагенттерди колдонууну карап чыгалы. Подрядчиктер дагы кум менен тузду колдонбоону сунуштап жатышат», — деп кошумчалады шаардын мэри Азиз Суракматов.

Вице-мэр Рысбек Сарпашевдин айтымында, жылдын башында ушундай сунуш түшкөнү менен аны эч ким колдогон эмес. Экологдор дагы реагентти пайдаланбоого чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18