15:06, 13 сентября 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаев шишикти операция жолу менен алып салууга макулдугун берген жок

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев калкан безинин жанында пайда болгон шишикти операция жолу менен алып салууга макулдугун берген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. .

Анын айтымында, саясатчы дарыгерлердин көрсөтмө бергенине карабай операциядан баш тартты.

«Шишиктин зыяны жок, мындан улам оперциясыз эле дарыланууга болот. Өмүрбек Текебаев учурда комплекстүү дарыланып жатат, олуттуу дары-дамектерди ичүүдө», —деди жактоочу.

Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери жемкорлук беренеси боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18