12:22, 13 сентября 2018, 24.kg

Депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетиребиз деп коркутушту

Депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетиребиз деп коркутушту. Дастан Жумабековдун кызматы тууралуу маселени бүгүн парламенттин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты.

Депутаттар административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексти түзөөнү карап жатышат. Докладды уккандан кийин төрага депутаттардан кимдин суроосу бар деп сурады. Бул Алтынбек Сулаймановдун нааразычылыгын жаратты.

«Смз эмне үчүн бизден окуучулардан сурагансып сурап жатасыз? Сиз таблону ачышыңыз керек, биз болсо суроо берүү үчүн жазылабыз. Мен бул тууралуу экинчи жолу айтып жатам. Дагы бир жолу эскертүү ала турган болсоңуз, кызматтан кетирүү тууралуу маселени карайбыз», — деди Алтынбек Сулайманов.

Мындан кийин Дастан Жумабеков депутаттарга суроо берүү үчүн каттоого турууга мүмкүнчүлүк берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18