17:53, 12 сентября 2018, 24.kg

Мэр Ош шаарынын четиндеги курулушу кечеңдеп жаткан мектепке барды

Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Курманжан Датка −2» аймактык кеңешиндеги Ирригатор көчөсүндө жаңыдан курулуп жаткан 275 орундуу мектептин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, мектептин курулушу кечеңдеп, алдыда каражат бөлдүрүү маселеси турат. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып, курулуп жаткан мектептин сметалык баасы 66,5 миллион сомду түзөт.

Ал эми тендердик баасы 54 миллион сомго «Биримдик XXI кылым» ЖЧКсы утуп алган. Мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18