14:14, 12 сентября 2018, 24.kg

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция. Эреже бузуулар болгон

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда эреже бузуулар болгондугу аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
 
Айтымында, аталган инспекциянын мурунку басма сөз катчысы Анар Мамбеталиевадан баардык материалдар алынды. «Айрым эреже бузуулар аныкталды. Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, арыз каралып жатат. Жыйынтыгы кийинчерээк чыгарылат», — деди Дамир Сагынбаев.
 
Эске салсак, Анара Мамбеталиеваны жетекчиликке каршы нааразычылык акциясын уюштургандан кийин кызматтан кетиришкен. Ал аталган ведомстводо жемкорлук гүлдөп жатканын айтып, жемкорлордун атын атаган.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18