09:31, 12 сентября 2018, 24.kg

Китептерди ижарага берүү. Кайыңды шаарында окуучуга китеп берилген жок

Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кайыңды шаарынын № 1 лицей мектебинде 6-класстын окуучусуна китеп берилген жок. Анткени, анын ата-энеси китептин ижарасын төлөшкөн эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуучунун энеси билдирди.

Айтымында, ата-энелер чогулушунда 6-класстын окуучуларынын китептери үчүн ижара акысы алына тургандыгын айтышкан. 10 китеп үчүн 250 сомдон төлөшмөк.

«Менин 3 балам бар, баардыгы мектеп окуучусу. Үйдө жалгыз күйөөм иштейт. Мен мугалимге күйөөмдүн айлыгы тийгенге чейин бир ай күтүп туруусун айткам. Бирок, балама китеп берген жок, акчасын алып келгенде гана берет экен», — деди эне.

Билим берүү министрлиги бул ишти мыйзамсыз деп атады. Маалым болгондой, китептин ижара акысы ноябрдан баштап алына баштайт. Ал эми мектептин жетекчилиги ата-энелерден акчаны алууга укугу жок, ата-энелер банк аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18