Орусияда ири аскердик машыгуу башталды
Бүгүн Орусиянын Ыраакы Чыгышында «Чыгыш-2018» деп аталган акыркы он жылдын ичиндеги эң ири аскердик машыгуулардын бири башталды. Бул тууралуу Орусия Коргоо министрлигинин сайты кабарлады.
17-сентябрга чейин созула турган машыгууларга 300 миңге жакын аскер кызматкери, 80 кеме, 36 миң брондолгон унаа жана миңден ашык учак катышат. Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн тышкары «Чыгыш-2018ге» Кытайдын үч жарым миңге жакын аскер кызматкери дагы тартылат. Акыркы жолу мындай масштабдагы аскердик машыгуулар 1981-жылы өтүп, ага Варшава келишиминин курамына кирген өлкөлөрдүн күчтөрү катышкан. Анда батыш өлкөлөрү аны ири чабуул операциясына даярдык катары баалашкан.
НАТО Орусиянын бул машыгууларын ири масштабдагы жаңжалга катышууга даярдануу деп эсептөөдө.
11-сентябрдан 13-сентябрга чейин Владивосток шаарында Чыгыш экономикалык форуму өтүп, ага Орусиянын президенти Владимир Путин катышат. Кремль буга чейин «Чыгыш-2018» машыгууларына Путинден башка өлкөлөрдүн лидерлерин чакыруу пландалбаганын билдирген.