14:28, 11 сентября 2018, 24.kg

КСДП партиясы ЖМКга карата арыздарды кароо боюнча комиссияга арыз берди

КСДП партиясы ЖМКга карата арыздарды кароо боюнча комиссияга арыз берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, арыз 3 кыргыз тилдүү басылмаларга карата жазылган. Алар Kyrgyztoday сайты жана «Назарньюс» менен «Майдан Пресс» гезиттери.

«Аталган басылмалар мурунку президент күзүндө көтөрүлүшкө чыгууга даярданып жатат, ал тургай Чүй облусунда жердештери менен жолугушууда деп жазып чыгышкан. Бирок, далилдер жок. Башкача айткандай чындык эмес. Биз комиссиядан териштирүүнү суранабыз», — деди Кундуз Жолдубаева.

Ал кошумчалагандай мурунку президенттин сотко кайрылууга ниети дагы жок.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18