13:47, 11 сентября 2018, 24.kg

Тергөөчү өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгобой жатат

Биринчи Май райондук ИИБнын тергөөчүсү жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгобой жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында жактоочу Арман Кыйгырова билдирди. 

Photo 86566

Айтымында, жабырлануучу кыздын апасы окуяны 2 жылдан кийин гана билген.

«Кыз Ысык-Көлдө жайкы лагерде эс алган. Ал жактан жетекчинин жардамчысы менен таанышкан. Бишкекке келгенден кийин баардыгы чогулуп, кино көрүүнү чечишкен. Окуя күндүз кинотеатрдын дааратканасында болгон. Кылмышка шектүү ал кезде 18 жашта, кыз 13 жашта болгон. Ал кызды күч колдонуп зордуктаган», — деди Арман Кыйгырова.

Ал билдиргендей, жабырлануучу кыз дагы деле өзүнө келе элек.

Ал эми тергөөчү кылмыш ишин козгобой туруп, материалды соттук-медициналык экспертизанын комиссиясына жиберип жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18