10:25, 11 сентября 2018, 24.kg

Жемкорлукка даттанган өзбек активисти жалган жалаа үчүн бир жылга соттолду

Өзбекстандагы Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз уюмдун активисти Мухаммадкодир Отахонов бир жылга соттолду. Тиешелүү өкүмдү Анжиян облусунун Мархамат райондук соту чыгарган.

«Өзүн укук коргоочу деп тааныштырып, Мархамат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына карата жалган жалаа жапкан арыздарды жазып жүргөн Мухаммадкодир Отахонов 139-берене (Жалган жалаа жабуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылды. Учурда ал жаза мөөнөтүн Ангрендеги жатак абагында өтөп жатат», — деп билдирди соттун өкүлү.

Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз уюмдун Мархамат районундагы бөлүмүн жетектеген Мухаммадкодир Отахонов буга чейин эки жолу соттолгон. 2005-жылы Анжиян окуяларына байланыштуу, 2013-жылы алдамчылык үчүн түрмөгө кесилген.

«Эзгулик» укук коргоо уюмунун Анжияндагы бөлүмүнүн жетекчиси Мусажон Бабажановдун айтымында, Мухаммадкодир Отаханов чынында эле коррупцияга даттанып, президенттик администрацияга, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга кайрылган. Отаханов соттолгондон кийин анын арызда келтирген фактылары ырасталып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18