09:33, 11 сентября 2018, 24.kg

Орусиядагы кырсык. Бекжан Сарбишев 2 айга камакка алынды

Москванын Кузьминск соту Кыргызстандык жарандарды унаасы менен койдуруп кеткен айдоочунун баш коргоо чарасын карап чыкты. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Соттун чечими менен 20 жаштагы Орусиянын жараны Бекжан Сарбишев 2 айга камакка алынды. Кырсыктын кесепетинен 11 киши жаракат алган. Алардын 10у кыргызстандыктар. Алган жаракатынан улам 1 киши каза таап, дагы 4өө оор абалда жатат.

Эске салсак, кылмышка шектүү кырсык болгонго чейин кафелердин биринде карындашынын туулган күнүн белгилешкен. Карындашына тийишкен балдарга жинденип, ортодо жаңжал чыккан. Кийин күнөөкөр сыртка чыгып, ачуусуна тийген балдарды унаасы менен атайын сүзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18