08:36, 11 сентября 2018, 24.kg

Казакстан: Түркестан облусундагы атышууга шектелгендер эки айга камалды

Казакстанда Шардара райондук соту Түркестан облусунун Достык айылындагы атышууга тиешеси бар деп шектелген эки кишини эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. 7-сентябрдагы атышуу маалында бир адам мерт болуп, дагы экөөсү жаракат алган.

Райондук соттон билдиришкендей, бул иш боюнча тергөө иштери уланып жаткандыктан, азырынча шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылбайт.

Облустук ички иштер департаментинин өкүлү Салтанат Каракөзованын айтымында, кармалгандардын бири Түркмөнстан облусунун, экинчиси Шымкент облусунун тургундары. Ал учурда бул ишке тиешеси бар деп дагы алты киши изделип жатканын кошумчалады.

7-сентябрда Түркестан облусундагы Шардара районунда жергиликтүү фермелердин ортосунда жаңжал чыгып, тараптар курал колдонушкан. Анда шектүү катары эки адам кармалып, алардын биринин жанынан аңчылык куралы табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18