17:23, 10 сентября 2018, 24.kg

Бишкекте колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз көз жумду

Бишкекте колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин 8 жашар Мадина аттуу кызды чоң энеси Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканага алып келген. Ал 2 күн мурун колун сындырып алгандыктан, дарыгерлер колго гипс коюп 5 күндөн кийин кайра келүүсүн айтышкан. Бирок, 5-күнү кыздын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаган. Натыйжада Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөн.

Чирий баштаган кыздын колун дарыгерлер кесип салууга мажбур болушкан. Анын абалы турукташканы менен кыз бүгүн каза болуп калды.

Учурда Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлдү.

Кыздын ата-энеси Москвада эмгектенгендиктен, ал чоң энеси менен жашап жаткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18