15:57, 10 сентября 2018, 24.kg

Бишкекте эски жол чырактар жаңыланат

Бишкекте эски жол чырактар жаңыланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-апрелде шаардык унаа башкармалыгы 19 жол чырак объектилерин жаңылоо боюнча тизмени бекитишкен.

Учурда Элебесов жана Васильев, Токомбаев жана Нуркамал, Токомбаев жана Куттубаев, Исанов жана Бөкөнбаев, Махатма Ганди жана Васильев, Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 6 жол чырак жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Азыркы тапта Анкара жана Достоевский, Садырбаев жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактар оңдолуп жатат. Мындан тышкары борбор калаанын 6 көчөнүн кесилишине жол чырактарды орнотуу боюнча тендер жарыяланды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18