14:36, 10 сентября 2018, 24.kg

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча агенттик түзүлөт

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча агенттик түзүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
 

Учурда Маданият министрлигинин алдында туризм Департаменти иштеп жатат. Аны жоюп ордуна өз алдынча агенттик түзүү каралып жатат.

«Эгерде биз туризмди өнүктүрүүнү кааласак, бул тармак менен алектене турган орган керек. Ар түрдүү варианттар каралып жатат. 3-Көчмөндөр оюндарынан алган эффектти коротуп албашыбыз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Айтымында, жаңы агенттик жылдын аягында түзүлүшү мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18