14:21, 10 сентября 2018, 24.kg

Көкбөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт

Көкбөрү боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2019-жылы Өзбекстанда өтөт. Мындай чечим Кыргызстан көкбөрү федерациясы менен Өзбекстан Спорт министрлигинин өкүлдөрүнүн 8-сентябрдагы жолугушуусу учурунда кабыл алынды.

«Дүйнө чемпионаты кайсы шаарда жана кайсы күнү өтөрү так белгисиз, бирок чечим кабыл алынды. Мелдеш көкбөрүнү тай казанга салуу тартиби менен өтөт», — деди федерация президенти Жыргалбек Саматов.

Учүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстан көкбөрү боюнча күмүш медаль утуп алган. Жарым финалда өзбек оюнчулары казак атаандаштарын 4:3 эсебинде утуп, бирок кыргыз улакчыларына 32:9 эсебинде жеңилип калышкан.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланды. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышты. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашты. Жалпысынан 594 медал ойнолду. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18