10:07, 10 сентября 2018, 24.kg

Бишкекте тартип сакчылары балдарды сатууга шектүү делген дарыгерлерди кармашты

Бишкекте тартип сакчылары балдарды сатууга шектүү делген дарыгерлерди кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуяга шектүү деп кармалган 5 кишинин экөөнө чет жерге чыгып кетпөө тууралуу эскертүү берилген. Калган үчөө № 1 тергөө абагында кармалууда.

ИИМдин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине аталган фактыны тастыкташты. Бирок, кененирээк маалыматты кийин бере тургандыктарын айтышты.

«Учурда КР Жазык кодексинин «Адам сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда», — деп билдирди ИИМден.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18