18:00, 07 сентября 2018, 24.kg

Эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Кыргызстан 5 алтын медалдуу болду

Бүгүн, 7-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды.  Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

Маалым болгондой, балбандар 5 салмактык ченде күч сынашты.

Кыргыз балбандары казак балбандары менен 5 салмактык категорияда күч сынашып, жыйынтыгында баары тең жеңишке жетишти.

60 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан Жекшенбек Турдубеков казакстандык спортчу Азамат Сергазинди жеңип алды. Ал эми 70 килограммдык салмак ченде кыргызстандык Калыбек Бузурманкул уулу казакстандык балбан Эрназар Байгоновду утту.  Мындан тышкары  80 килограммдык салмак ченинде мекндештерибиз Ислам Бердибек уулу, 90 килограммдык салмак ченинде Конокбай Баркыжоков, 90 килограммдан жогорку салмак ченинде балбан Күмүш Кыдыралиев таза жеңишти багындырды.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18