16:20, 07 сентября 2018, 24.kg

Айтматовдун каармандары 60 жылдан кийин. 10 мүнөттүк кинороликтер тартылат

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата, режиссер Мухтар Атаналиев «Айтматовдун каармандары 60 жылдан кийин» аттуу 10 мүнөттүк кинороликтерди тартат. Бул тууралуу режиссер 24.kg агенттигине билдирди. 

Photo 86199

Айтымында, киноролик 3 бөлүктөн турат. Анда «Бетме-бет», «Жамиля», «Ак кеме» тасмаларында тартылган баш каармандардын 60 жылдан кийинки кездешүүсү тууралуу сюжет болмокчу.

«Негизи 4 бөлүктөн турмак, тилекке каршы «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасында Ильяздын ролун аткарган актер Дүйшөн Байдөбөтов каза болуп калгандыктан, 3 гана бөлүк тартыла турган болду. Учурда тартуу иштеринин 30 пайызы аяктап калды. Октябрдын соңунда роликтер толугу менен бүтүп, элге тартууланат», -деди Мухтар Атаналиев. 

Photo 86167

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18