16:07, 07 сентября 2018, 24.kg

Айтматовдун каармандары менен жолугушуу. Кинокербен Ысык-Көл, Нарын облустарында

«Кино жана өспүрүм» долбоору жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардагы каармандар менен жолугушуу кинокербенин баштайт. Бул тууралуу аталган долбоордун жетекчиси Булан Бектеналиев 24.kg агенттигине билдирди.

Photo 86158

Айтымында, кинокербендин жүрүшүндө каармандар мектеп окуучулары, студенттер менен бетме-бет жолугушат. Буга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында уюштурулган иш-чара эми Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтмөкчү.

«3-класстан жогорку класстарга чейинки окуучулар катыша алышат. Иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда», -деди долбоордун жетекчиси. Анын билдиргенине караганда, 20 миңдей жаштар кинокербендин катышуучусу болду. 

Photo 86203

Иш-чарага актерлор КР эмгек сиңирген артисти Бусурманкул Одуракаев, КР Эл артисти Чоро Думанаев, «Ак кемеде» баланын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев жана «Жамиля» тасмасында Сейиттин ролун аткарган Насирет Дубашев катышат.

Photo 86159

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18