10:42, 07 сентября 2018, 24.kg

Акыйкатчынын кызмат ордуна Молдакун Абдылдаев талапкер болууда

Акыйкатчынын кызмат ордуна Жогорку Кеңеште президенттин мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев талапкер болууда. Ал «Кыргызстан» фракциясына арызын берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
 
Айтымында, Молдокун Абдылдаев 2014-жылы парламентте президенттин мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү болгон, 2008-жылдан 2010-жылга чейин акыйкатчынын аппаратын жетектеген.
 
Буга чейин аталган кызматка талапкерлердин бири Рита Карасартова парламент акыйкатчы кызматына талапкерлерди көрсөтүү боюнча тартипти бузуп жатат деп нааразы болгон.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18