10:18, 07 сентября 2018, 24.kg

Парламент акыйкатчы кызматына талапкерлерди көрсөтүү тартибин бузуп жатат

Парламент акыйкатчы кызматына талапкерлерди көрсөтүү тартибин бузуп жатат. Бул тууралуу аталган кызматка талапкерлердин бири Рита Карасартова 24.kg агенттигине билдирди.

Маалым болгондой, мыйзам боюнча талапкерлерди тандоо июлдун акырында аякташы керек эле.

«Кубат Оторбаев кызматтан кеткенден 1 айдан кийин фракциялар талапкерлерден арыздарды чогултуп, өздөрү 3 талапкерди сунушташы керек болчу. Бирок, азыр сентябрь келди, эч кандай кыймыл жок. Ммаалыматым боюнча, «Республика — Ата Журт» жана «Бир Бол» фракциялары менин документтеримди сурашкан», -деди Рита Карасартова.

«Ата Мекен» фракциясы аталган кызматка юридикалык илимдин доктору Канатбек Азиздин талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18