09:39, 07 сентября 2018, 24.kg

Өгөй ата тарабынан сабалган эгиздер. Кылмыш иши токтотулду

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук соту өгөй ата тарабынан сабалган эгиз кыздардын иши тууралуу кылмыш ишин кароону токтотту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук соттон билдиришти.

Маалыматка таянсак, эгиздердин мыйзамдуу өкүлү С.Л.Ю сотко өтүнүч менен кайрылып, анын жарандык никедеги күйөөсүнө карата кылмыш ишин токтотууну суранган. Аялдын билдиргенине караганда, кыздары өгөй атасына эч кандай нааразы эмес.

«Прокурор бул ишти карап чыгып, аялы менен күйөөсү жарашып алгандыктан ишти кароону токтотту», — деп билдиришти соттон.

Эске салсак, 26-июнда Сокулук районунда өгөй ата эгиз кыздарды сабап салган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18