16:14, 06 сентября 2018, 24.kg

Кино анонс. Чыныгы мырзалар жөнүндөгү «Көк бөрү» тасмасы тартылып бүттү

«Көк бөрү»

Чыныгы мырзалар жөнүндөгү «Көк бөрү» тасмасы 20-сентябрдан тарта Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлүп баштайт. Тасманын автору «Салам, Нью-Йорк» жана «Апамды издеп» кинолорунун режиссеру Руслан Акун.

Тасма Казакстанда «Көк пар» аталышында сунушталат.

«Көк бөрүдө» улакчылардын биринин ролун жаратууга «Тамашоу» клубунун жигити Эмил Эсеналиев тартылды. Тасманы тартуу учурунда режиссер Руслан Акун аттан кулап, белин кокустатып алып, бирок, тартуу иштерин жайында жатып аягына чыгарганы маалым.

«Түнкү кырсык»

Темирбек Бирназаров тарткан 95 мүнөттүк драма шаардын кинотеатрларында көрсөтүлүүдө. Ролдорду Акылбек Абдыкалыков, Дина Жакыпова, Байыш Исманов, Өмүралы Тойчиев, Акылбек Мураталиев, Гүлмира Ташматова, Абылай Марат уулу, Күлчоро Сыдыков жана Элмирбек Кубатбеков аткарат.

Photo 85912

«Сүйүү сезими байкатпастан адамга келет да, бир кызыктай акыбалда калтырат. Бул жөнүндө дүйнөнүн көптөгөн режиссерлору өздөрүнүн сүрөтмөлөрүндө айтып келишкен. Сүйүү — бул чоң жана таң каларлык нерсе. Биринчиден, уйгу-туйгу тынчтыкты бузат, тең калыпта кетип жаткан жашоонду бушайман кылат, бирок сүйүүсүз адамдын жашоосу болбойт. Ал бизге абадай керек. Сүйүү адамды толугу менен өзгөртөт... «Түнкү кырсыктын» чордонунда — жалгызсыраган Чал жана бир кызыктай Кыз. Түн ичинде айылдын жол четинен жабыркап калган жеринен кызды таап алат. Чал кызды кароого алып жүргөндө, улам өтүп жактыруу сезимдер пайда боло баштайт», — дейт чыгармачылык топ.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18