14:36, 06 сентября 2018, 24.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтынан билдиришти. 

Photo 85897

Маалым болгондой, Адамкул Жунусовго «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Ага карата  2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткарып турган маалында бир катар мыйзамдарды бузуп, өлкөгө товар ташып келген ишканага мыйзамсыз уруксат кагаз берип, бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди түзүп берген деген айып тагылууда. 



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18