Жактоочу: Өмүрбек Текебаев операция кылууга уруксат бере элек
Айтымында, азырынча шишиктин канчалык коркунучу бар экендиги аныктала элек.
«Бирок, дарыгерлер аны тез арада операция кылуу керек экендигин айтышууда. Өмүрбек Текебаев операция кылууга уруксат бере элек. Учурда ал неврология борборунда дарыланууда», — деди Таалайгүл Токтакунова.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология борборуна 1-августта алып келишкен.