08:46, 06 сентября 2018, 24.kg

Кыргызстандын капчыгына Азия оюндарынан дагы бир алтын медал кошулушу мүмкүн

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн.

Азия Олимпиада кеңеши монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж «кызытма колдонгон» деген негизде алтын медалдан ажыратты. Маалыматка караганда, анын анын анализинде «станозолол» препараты табылган.

Орхон Пуревдорж Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган.

Эми алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. 20-августта Айсулуу Тыныбекова алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган.

Азия оюндарында кыргыз спортчулары эки алтын медалга ээ болушту.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18