15:41, 05 сентября 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Жолдошум менен жашагым келбейт. Үй-бүлөнү бузууга дин жол бербейт

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Менин тарбиям никедеги күйөөмдөн кетүүгө жол бербейт. Мен ал адамды жакшы көрбөсөм дагы үй-бүлөмдү буза албайм. Анүстүнө мен кармаган дин дагы буга каршы. Бирок, жолдошум экөөбүз эки башка адамбыз. Жыл өткөн сайын бул ажырым байкалууда. Ал эртеден кечке мечитте жүрсө, мен үй-бүлөнү багамын. Жакында бирөө менен тааныштым. Аны менен көз-караштарыбыз дал келип, кызыкчылыктарыбыз бир экен. Анүстүнө иштеп, акча тапкан эркек. Жолдошумду эмне кылсам?

Жооп: Динде эч бир кыйноо, мажбурлоо жок. Бул үй-бүлөгө дагы тийешелүү. Сиздин үй-бүлөңүздөгү кыйынчылыктар акчалай тартыштыкка байланыштуу болушу мүмкүн. Жолдошуңуз менен сүйлөшүп, эркек үй-бүлөнү камсыздоого милдеттүү экендигин эскертиңиз. Негизи үй-бүлө — бул аял менен эркектин күнүмдүк эмгегинин үзүрү. Бузуп салуу кургандан бир топко жеңил. Алгач үй-бүлөдөгү маселени чечүүгө бүт аракетиңизди жумшаңыз.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18