16:45, 05 сентября 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндары. Аттардын коопсуздугун 10го жакын мал доктурлар карап жатышат

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган спорттук иш-чаралар уланууда. Учурда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда көк бөрү оюну боюнча мелдеш жүрүп жатат.

Спорттук ат оюндарында жаракат алган аттардын коопсуздугун 10го жакын мал доктурлар карап жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мал догдур адиси Кубанычбек Осмонов билдирди.

Айтымында, көк бөрү боюнча 6 команда катышкан 3 оюнда тең жаныбарлар жаракат алышкан эмес. Кокус аттардын шыйрактары жаракатка кабылып, канаса анда атайын дары сүйкөп таңып коюшат.

Ал эми аталган оюндун жүрүшүндө бир оюнчу орточо даражадагы жаракат алган. Атайын мобилдик топ алгачкы жардамды көрсөтүп, жабырлануучуну ооруканага жеткиришти.

Эске салсак, көк бөрү боюнча күнүнө 3 оюн көрсөтүлүүдө. Анда жалпы байге фонду 6 миллион сом экени айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18