15:25, 04 сентября 2018, 24.kg

Өлкө аймагында жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу башталды

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында жарандарды мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу башталды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 18-25 жашка чейинки чакыруу жаш курагындагы, чакырылуудан убактылуу бошотуусу, же болсо бошотуусу жок бардык жарандар чакыруу комиссиясын өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариатына келүүгө милдеттүү.

2018-жылы күзүндө чакырууга пландалат:
Куралдуу күчтөрдүн башка аскердик түзүлүштөрүн комплекттөө үчүн миңдей жаран чакырылат. Биринчиден аскер бөлүктөрүнө улуу чакыруу курактагы (20 жаш жана андан улуу), жогорку окуу жайларды бүткөн жана жогорку, орто-техникалык, орто-кесиптик билими бар жарандар чакырылат;

Ошондой эле, альтернативдик кызматка чакырылууга тийиштүү жана укугу бар жарандар альтернативдик кызматка чакырылат.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18