15:00, 04 сентября 2018, 24.kg

Аида Салянованын бир тууганынын өлүмү тууралуу иш сотко өткөрүлүп берилди

Аида Салянованын бир тууганынын өлүмү тууралуу иш сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.
 
Маалым болгондой, тергөө иштери аяктады.
 

«Эки шектүү кармалды, бирөө Бишкектен, экинчиси Москвадан. Учурда экинчи кылмышка шектүүнү экстрадиция кылуу иштери жүрүп жатат. Керектүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ал эми 3-кылмышка шектүү изделип жатат», —деп билдиришти ИИМден.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууганы Уланды былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18