11:04, 04 сентября 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндары. Кытайлык кыргыздар өз каада-салттарын көрсөтүп жатышат

Учурда Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук салт-санааны театрлаштырып көрсөтүү иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Кытайдан келген кыргыздар өз каада-салттарын көрсөтүп жатышат.

«Келген көрүүчүлөр кол чаап, жакшы кабыл алышууда. Мында чогулгандардын саны абдан көп. Кечинде ачык асман алдында эл аралык этноэкологиялык «Мөңгү» кино фестивалы болот», -деди Жийде Зоотбекова.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18