09:05, 04 сентября 2018, 24.kg

Жол кырсыгы. Айдоочу мал кайтарып отурган 65 жаштагы аялды сүздү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда унаанын айдоочусу жол жээгинде мал кайтарып отурган 65 жаштагы аял кишини өлтүрө сүздү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун 1987-жылы туулган С.М. аттуу тургуну «Хонда Сабер» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен жолдун жээгинде кой жайып отурган аялды сүзүп алган. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду.

Ал эми айдоочу жаракат алып, Өзгөн районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18