18:00, 30 августа 2018, 24.kg

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү Украинадан табылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» издөө иштерин алып барган «Эрдик-Подвиг» коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы быйыл 8-майда алардын уюмунун негиздөөчүлөрүн кабыл алып, 1941-жылы согушка кеткен чоң атасынын дайын-дареги белгисиз экенин кабарлаган. Бирикме ошондон кийин иликтөө иштерин баштаган.

Документтерге ылайык президенттин чоң атасы 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза болгон. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу изилдөөчүлөр Жээнбек Пирназаров көмүлгөн бейитти аныкташкан. Украина мүрзөнүн жана эстеликтин сүрөтүн жөнөткөн.

«Эрдик-Подвиг» коомдук бирикмеси бул боюнча президенттик аппаратка билдирүү жөнөткөн. Мекеме өкүлдөрү президенттин чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жердин табылышы согушта курман болгондорду издөөгө көмөк берүү шарттарын караган мыйзамдын кабыл алынышына шарт түзөт деп үмүт кылып турушат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында быйыл 9-майда өткөн «Өлбөс полк» акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Пирназаровдун балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайткан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18