15:14, 30 августа 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндары. Эстафета Түркияга өткөрүлүшү мүмкүн

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Аталган маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын президенти Рустам Миннихановдун, Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра эмиратынын мураскер ханзадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркинин келиши күтүлүүдө.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18