12:18, 30 августа 2018, 24.kg

«Коопсуз шаар». Аукциондо катышуучулардын бири туура эмес маалымат берген

Буга чейин «Коопсуз шаар» боюнча өткөрүлгөн аукциондо катышуучулардын бири туура эмес маалымат киргизген. Бул тууралуу тегерек столдо маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, мурунку аукцион техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам үзгүлтүккө учураган.

«Техникалык адистердин болжолдуу маалыматына караганда, катышуучулардын бири туура эмес маалымат берген. Мындан улам, система калган катышуучуларды блоктоп салган. Сунушталган каражаттын суммасы баштапкы баадан бир канча жолу ашып кеткен», — деди Кубаныч Шатемиров.

Жаңы аукцион 4-сентябрда болот.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18