11:01, 30 августа 2018, 24.kg

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы. Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт

31-август- Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы бир катар маданий иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Иш-чаралардын тизмеси:

«Ала-Тоо» аянтында

10:00дөн 12:00гө чейин кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан театралдаштырылган иш-чара орун алат.

19:00дөн 22:00гө чейин белгилүү ырчылар шаар тургундарына жана меймандарына концерт тартуулайт.

Эмен паркында
11:00дөн 13:00гө чейин Эмен паркында спорттук иш-чаралар (дзюдо, таэквондо, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, каратэ, ордо, тогуз коргоол, шахмат оюну, көркөм гимнастика, футбол, триатлон, оор жана жеңил атлетика, веложарыш, стол тенниси) болот.

15:00дө Дайыр Асанов атындагы паркта майрамдык концерт жана ар кандай багыттагы мастер-класстар өтөт.

17:00дө Юлиус Фучик паркында мастер-класстар: кагаз менен кол өнөрчүлүк жасоо, кийиз менен сувенирлерди жасоо, сайма саюу жана спорттун түрлөрү көрсөтүлөт.

31-августтагы иш-чараларга байланыштуу коомдук транспорт түнкү саат 1:00гө чейин каттайт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18