08:44, 30 августа 2018, 24.kg

Кыргызстан казак-кыргыз чек ара режими тууралуу келишимди ратификациялады

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо мыйзамына кол койду.

Келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашууда мамлекеттик чек араны кармоо жана кесип өтүү, мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү, чек ара чыр-чатактарын чечүү, мамлекеттик чек арада чарбалык, аң улоо жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү маселелери камтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18