17:22, 29 августа 2018, 24.kg

«Кумтөр» боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу иши 2-ноябрга чейин узартылды

Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча стратегиялык келишимдин болжолдуу шарттарын аткаруу мөөнөтүн узартуу келишими ишке ашырылгандыгын билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын сайты билдирди.

Эске салсак, Кумтөр алтын кени боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу мөөнөтү ушул жылдын 20-апрелинде бүткөн. Бирок, аны бир канча жолу эки тараптуу узартып келишкен.

«Компания өкмөт менен болгон байланышты стратегиялык макулдашуулар күчүнө киргенден баштап калган шарттарды аткаруу үчүн үзбөй улантат», — деп жазылат маалыматта. Натыйжада «Кумтөр» боюнча макулдашуунун шарттарын аткаруу иши 2-ноябрга чейин узартылды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18