14:17, 29 августа 2018, 24.kg

Шоу-бизнес. Кайрат Кыргызга продюсери 5 ырды ырдоого тыюу салды

Кайрат Кыргыздын продюсери Эркин Мээрканов ырчыга беш ырын ырдоого жана ал сатып берген кийимдерди кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу Элмара Турсуналиева социалдык түйүндөргө жазып чыкты.

Анын айтымында, Кайрат Салмакеев продюсери менен түзүлгөн юридикалык келишимдин жоболорун одоно бузгандыгына байланыштуу Эркин Мээрканов ырчыга бир нече талаптарды койду.

«2018-жылдын 22-августунан тартып, Кайрат Кыргыз- Кайрат Салмакеев, Эркин Мээрканов ойлоп тапкан жана алып берген сахна кийимдери менен чыгууну токтотот. Жазып берген ырларын: «Жаштык кез» ($5000, клиптин баасы $1200); «Жактырам» ($2000, клиптин баасы $1200), «Гүлдөйжан» ($3000), «Сүйүү ыры» ($2000), «Жаштарга» (А.Огомбаев $700 аранжировка) чыгармаларын кай жерде болбосун (коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде) продюсер жана автор катары ырдоого тыюу салат», — деп жазылат маалыматта.

Photo 84580

Элмара Турсуналиеванын айтымында, ырчы продюсер сүйлөшкөн иш-чараларга барбай коюуну адат кылып алган. Андан тышкары, кесиптештердин, чыгармачыл адамдардын арасында адепсиз мамиле жасаган фактылар катталган. Продюсердин уруксаты жок жеке иш-чараларга барып, ортодогу келишимди орой бузган.

Ырчы 24.kg агенттигине Эркин Мээрканов менен болгон чырды жокко чыгарып, аны менен эч кандай келишим жоктугун билдирди.

«Менин продюсерим болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Кайсы продюсерди айтып жатасыңар? Мен өзүм продюсермин. Эркин Мээрканов тууралуу айтып жатсаңар, ал жардам берип, аранжировка жасап колдоо көрсөткөн. Болгону аранжировкага аябай көп акча алып атат, ошон үчүн ага чыдабай кетип калдым», -деди ырчы.

Photo 84581

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18