13:38, 29 августа 2018, 24.kg

Нарындагы жол кырсыгында 60 жаштагы аял набыт болду

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жол кырсыгы катталып, анда 60 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен каза болгон аялдын эки небереси жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. 

Ат-Башы айылынын 35 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну Ауди А6 үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан аялды жана анын эки небересин сүзүп алган. Кесепетинен окуя болгон жерде 60 жаштагы Б.С. аттуу аял каза болуп, анын жанындагы 7 жаштагы небереси Н.А.нын буту сынып, 8 айлык А.Н. аттуу наристе жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18