10:44, 29 августа 2018, 24.kg

Токко урунган жоокер Руслан Сапарбаевдин экинчи колун кесип салышты

Майлы-Суу шаарында жайгашкан № 30295 аскер бөлүгүнүн жоокери  Руслан Сапарбаевдин экинчи колун кесип салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу оор абалда жатат.

Эске салсак, 19-августта жоокер токко урунуп, натыйжада бир колун кесүүгө туура келген. Башкы штаб окуяны кокустук деп атоодо. Алардын маалыматы боюнча, жоокер наряд өтөп жатып тыюу салынган белгинин бар экендигине карабай электрдик подстанциянын аймагына кирип кеткен. Бирок, аскер прокуратурасы аталган аймак ачык болгондугун жана эскертүүчү белгилердин орнотулбагандыгын аныктап чыкты. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18