08:35, 29 августа 2018, 24.kg

КСДП бийликти сындады

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы ««күзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев төңкөрүш кылат» деген ушак-айыңдарга түшүндүрмө бербей жатат» деп бийликти сындаган билдирүү таратты.

Билдирүүдө КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «бийлик «күзгү төңкөрүш» жөнүндө массалык түрдө таратылып жаткан маалыматтарга түшүндүрмө бербей жатат жана айрым мамлекеттик органдар чагымчылдарга кырдаалды курчутуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын жаманатты кылууга жол берүүдө» деп билдирди.

Ошондой эле КСДП өз билдирүүсүндө бул имиштерге каршы билдирүү таратууга аргасыз болуп жатканын жана азыркы бийликтин саясатын, кадрдык дайындоолорун, «экономикалык өсүш болбой, саясий оппоненттер куугунтукталып жатат» деп сындап, эл ичинде нааразычылык маанай жаралып жатканын жазган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18