17:15, 28 августа 2018, 24.kg

Тажикстанда имам мамлекеттик гимнди билбегени үчүн иштен алынды

Тажикстанда Дин иштери жана каада-салттарды жөнгө салуу комитети улуттук гимнди билбегени үчүн Пенжикенттеги мечиттин имамын жумуштан бошотту.

27 жаштагы имам июндун башында Душанбеде аттестациядан өткөн. Бирок мамлекеттик гимнди билбегени үчүн бул кызматты ээлегенге укугу жок экени тууралуу билдирмени эми гана алган, анын ордуна башка кишини дайындалган.

Мурдагы имам Накибхон Кориев гимнди жатка билерин, аттестация учурунда Курандын аяттарынын бирин айтууда такалып калганын билдирди.

Бул арада Пенжикент шаардык администрациясынын дин иштери бөлүмү имамдын иштен алынганын тастыктап, ал гимнди эле эмес, намаз окуунун тартиптерин да жакшы билбей турганын ырастады.

Накибхон Кориев аттестациядан кайра өтүүгө жана кызматын калыбына келтирүүгө укугу бар.

Тажикстанда имамдар Дин иштери боюнча комитеттин макулдугу менен Уламалар кеңеши тарабынан дайындалат. Алар миң сомониге жакын (100 доллар) маяна алышат. Тажикстанда 4 миңден ашуун имам бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18