16:01, 28 августа 2018, 24.kg

Кыргызстан аймакты суу менен камсыздаганы үчүн компенсация алууга ниеттенүүдө

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Арал деңизинин тагдырына байланыштуу жыйында Борбор Азияда суу бөлүштүрүү лимитин аныктоо жана ага кеткен чыгымдарды төлөө маселесин көтөрдү.

Аралды коргоо боюнча эл аралык фонддун сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча ишмердигин сындаган президент Сооронбай Жээнбеков суу башында турган өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу менен аны түп-тамырынан бери реформалоону сунуш кылды. 

Анткени фонддун иши Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбей турганы көрсөтүлгөн. Президент Сооронбай Жээнбеков 2009-жылы Алматы шаарында өткөн саммитте фонд башында түзүлгөндө дарыялардын башында жана төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын бирдей сактоого байланышкан кыргыз тараптын сунуштары колдоо таппай келгенин эске салды.

Долбоорлорду жана программаларды каржылоонун ачыктыгында жана акчаны калыс бөлүштүрүүдө маселе бар экени белгиленди. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азияда суу бөлүштүрүү тутуму азыркы учурдун талабына жооп бербей турганын билдирди.

Муну менен президент Сооронбай Жээнбеков союз учурунда жана андан кийинки жылдарда Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарынан агып чыгып, кошуна өлкөлөрдүн айдоо талааларын сугарууга колдонулган суу үчүн компенсациялоо төлөмдөрүн эске салды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18